Размер
«Сүйүнчү, кырк жылкылуу болдуң!»
Play

«Сүйүнчү, кырк жылкылуу болдуң!»

Кыргыз эли аялдын боюнда болору менен анын талгак болгонуна карап, көргөн түшүнө жараша кыз же уул экендигин жорушкан. Уулду тукум улантат деп сүйүнгөндөй, кыз төрөлгөндө да сүйүнүшүп, «кырк жылкылуу болдуң» деп сүйүнчү айтышкан. Туну кыз болуп калса, «акылдуу аял биринчисин кыз төрөйт, өзүнө жардамчы кылып» деп жылуу мамиле жасашкан. Кош бойлуу аялдын төркүнү бала боюнда болору менен эле жентекке деп карынга май куюп, жүгөрү тарттырып талкан камдай баштайт. Тарыхый булактардын эч биринде уул төрөлсө же кыз төрөлсө мындай кылган деген маалымат жок. Эң негизгиси «мышык туйбай, ит туйбай» аман-эсен көз жарып алса болду деп тилек кылышкан. Уул төрөгөн аялга кандай мамиле жасалса, кыз төрөгөн аялга да ошондой мамиле жасалган. Биздин элдин тарыхында кызды өгөйлөгөн бир да мамиле болгон эмес. Ал эми «сен кыз төрөдүң, эмнеге уул эмес» деген мамиле жеке бир адамдын өзүнүн ахлактык деңгээлине жараша болот. Элдин арасында кездешип келаткан мындай көрүнүштү жалпы улутка тиешелүү деп айтуу туура эмес.

Азан чакырып ат коюу

Жаңы туулган наристеге 2-3 күн ичинде азан чакырылып, ат коюлат. Ысым тандоодо наристенин чоң ата, чоң энеси же тага журту ат сунушташат. Баары макул болгон соң ошол ат наристенин кулагына угузулат. Кызбы, балабы, экөөнө тең бирдей ырым-жырым жасалат.

Кыркын чыгаруу

Эмчек эмизүү боюнча токтолсок, уул баланы канча убакыт эмгизсе, кызды да ошончо эмгизген. Эмчектен чыгарганда да ушундай эле. Кызбы, уулбу айырмасы жок, наристе бир жашка чыкканда апасы эмчектен чыгарат. Айрым учурда 2-3 жашка чейин эмгизген учурлар кездешет. Наристенин туулганына туура 40 күн болгондо, кырк кашык сууга жуунтуп, кыркын чыгарат. Ушул 40 күн ичинде баланын карын чачы алынат. Түштүктө көбүнчө таене, таятасы чачын алып, энчи энчилейт. Балага да, кызга да мал энчилөө жөрөлгөсү азыр да бар. Ал эми ымыркайдын карын чачын апасы топтоп, бийик жерге бекитип коет. Кокус жерге ташталып, бирөө-жарым басып алса баланын башы ооруй турган болуп калат деп ырымдашат. Кырк күн ичинде төрөгөн аял да, ымыркай да «чилделүү» эсептелип, кошуналар, тууган-уруктар бейчеки бастырып келишпейт. Үйдүн эркеги наристе менен апасы жаткан үйгө этият мамиле жасайт. Аларды жалгыз калтырбайт, караңгы түшө электе эле жарыкты жандырып, жанында болот. сапарга чыкканга туура келип калса, аларды жалгыз калтырбай, бирөөнү чакырып табыштап кетет. Куранды баланын баш жагына жаздап коюу көрүнүшү азыр да кездешет.

Кыздын деле тушоосу кесилет

Ал эми тушоо кесүү ырымы кызга да, уулга да бирдей тиешелүү. Турмуш жолунда мүдүрүлбөсүн, чалынбасын, кадамы шыр болсун деп ырымдап, жаңы баса баштаган баланы басып-чуркап калышкан балдар жетелеп чуркашат. Айылдагы кадыр-барктуу байбичелер баланын бутуна байлап коюлган жипти кыркышат. Жип кыркылган соң балдардын жетегинде чуркап кеткен балага «тушоосу кесилди, эми мүдүрүлбөйт» деген ниетте жабыла бата беришет. Жаш балдарга тушоосу кесилген баланын апасы ар кандай таттууларды таратат.

«Кыз бала бирөөнүн бүлөсү»

Кыз чоңойгондо апасы турмуш тиричиликке үйрөтөт. Тамак жасоо, кир жуу, келген конокторго сылык мамиле жасоо сыяктуу маселеден тартып, астыртадан кийинки турмушуна даярдай баштайт. Барган жеринде сөзгө калбасын деп, сеп даярдайт. Сеп даярдоого кыз өзү да кол кабыш кылат. Өз себин даярдоо менен кыз башка бирөөгө барарын, ал жердин бүлөсү болуп кетерин сезип, психологиялык жактан даярдана баштайт. Кызга калың берүү, сеп даярдоо маселесинин чоң мааниси бар. Кызга калың берүү, сеп берүү каадалары - кыздын баалуулугу, баркталгандыгы. Себи жок кыз бөтөн үйдө бирөөнүн буюмун колдонуудан чүнчүйт, кысынат. Анын үстүнө сеп - жаңы турмуш баштап жаткан жаштарга материалдык колдоо көрсөтүү. Кыз бала арзан бааланбайт, күйөөгө каадасыз, ырым-жырымсыз узатылбайт. Кыз алып жаткан тарап кудаларына «биз баш алып жатабыз» деп кулдук урат, алардын койгон шарттарын аткарат, болгон сый-урматын көрсөтөт. Кыргызда кыз каалаган эле адам бөктөрө кетип алып кетчү буюм эмес. Ата-энеси жок жетим болсо да, эч ким зордоп аялдыкка ала албайт. Уруу башчылары, тууган-урук, коңшу-колоң мындай нерсеге жол бербейт. Кайсы бир кызды аксакалдардын уруксатысыз алып кетүү ошол урууну сыйлабастык катары эсептелет. Элдин каада-салтына баш ийген адам мындай иш кылбайт, кылса катуу жазаланарын билет. Кыз ала качуу-кечээ жакында эле пайда болгон көрүнүш. Кыз ала качууну кыргыздын каада-салты деп айтууга көп илимпоздор каршы пикир айтышат.

«Кыздын кырк чачы улуу»

Кыргыздар кыздын чачынын узун болушуна өзгөчө маани беришкен. Чач кыркуу, кыска кылып жүрүү өөн көрүнгөн. Бойго жете элек тестиер кыздар чачын кырк тал кылып өрүп жылаң баш жүрүшкөн. Дене бою жетилип, баралына келе баштаганда башына жоолук салынып, чачын чоочун көздөн далдалай баштайт. Бирок келин болгонго чейин чачы кырк өрүм бойдон өрүлө берет. Колукту болору менен жүзүн жапкан чачтарын эми артка тыгыз кылып өрө баштайт. Чачтын өрүмүнө карап, жаш курагын, кыз же келин экендигин ажыратышкан. Чачты жазып жүрүү жаман жорукту билдирет. Анткени күйөөсү өлгөн аял гана чачын жазып, кара кийим кийип кошок кошот дешкен. Башка убакта чач жазылбайт. Чачты өрбөй, буубай, жазып жүрүү кыргыз салтында жок.

«Кыз бала көшөгөгө эки жолу кирет»

Кыз бала көшөгөгө өмүрүндө эки жолу кирет. Биринчи жолу жаңы келин болгондо, кыз күйөөгө берилгенде, келин күтүп жаткан үй келин киргизилчү үйгө жаңы тигилген көшөгө тартып коет. Келин көшөгөдө 3 күн, кээде андан көп убакыт отурат. Келинди көргүсү келген аялдар, кыздар көшөгөгө кирип учурашат. Кыргыздар келинди келээр замат жумшабайт. Эң аз дегенде 3 күндөн кийин гана кызмат кылып жүргөн аялдар жаңы келинди казан-аякка аралаштырышып ырымын жасашат. Мунун көп мааниси бар. Ата- энесинин үйүндө жүргөн кыз башка бирөөнүн босогосун аттап бараар замат аралашып кете албайт. Күйөөсүн канча жактырып баш кошпосун, чоочун чөйрөгө көнө албай кыйналат. Жаңы кырдаалга үйрөнгүчө көшөгөдө отуруп турганы анын өзүнө келип алышына шарт түзөт. Анын үстүнө бүлөсүнө бүлө кошулуп отурган үй-бүлө келинин сыйлап-урматтаганын билдирип, көшөгөгө отургузуп, ата-бабасынан калган жөрөлгөнү улантат. Ушул көшөгөдө бата берилип, «ушул үйдөн өнүп-өс, көшөгөң көгөрсүн» деген дубалар айтылат. Нике кыйылганда кыздан сөзсүз түрдө уруксат суралат. Кыздын макулдугу менен нике кыйылган күндөн тарта 40 күн келин «чилделүү» болот. 40 күндөн соң келин көшөгөнү жыйнап, жүгүнүн (себинин) түбүнө жыйып коет.

Кыздын барган үйүнө бүлө болуп калуусу кайын журтунун жакшы мамилесине көз каранды. Өмүрлүк жары менен чогуу турмуштун ачуу-таттуусун татып, бала төрөп берет. Балдарын багып өстүрүп, татыктуу тарбия берет. Уулуна жигиттик мүнөздү сиңирип, кызын бирөөнүн бүлөсү болууга даярдайт. Экөөнө бирдей мамиле жасап, бирдей мээримин төгөт. Жолдошуна күйүмдүү жар, ишенимдүү жан шерик болот.

Кыз төркүнүнө өмүрү өткүчө кыз бойдон калат. «Биздин элге кыз болот» дешет аял 80-90 жашка чыкса деле төркүнү тарабы. Көз жумса, төркүнү тарап чогулуп барып акыркы сапарга узатат. Төркүнү тараптан келгендер колдору менен жерге берет. Көз жумган аял жаназа окулганча көшөгөдө жатат. Ошентип аял көшөгөгө эки жолу кирет. Келин болуп келгендеги көшөгөнү бекем катып койгондун жөнү ушундай…

Эркиндикти сүйгөн тоолук кыз

Кыргыз кыздары эркиндикти сүйүшөт. Аларга кысымга, басынтууга баш ийбеген мүнөз таандык. Канчалаган кыз-келиндер эркектер менен теңтайлашып, жөн турмушта болсун, саясатта болсун, өз жөндөмүн көрсөтө алат. Кыйын кезеңде топту жарып чыгып, элди кыйынчылыктан алып чыгып кеткен аялдарыбыз буга мисал. Күчү ташты омкоргон кыргыз жигиттери да кыз аралашкан жерде «чачын сыйлап» жеңилип берет. Кызга зордук көрсөтүү, алсыздыгынан пайдалануу кыргыз жигитине намыс иш. Элибиздин кызга жасаган мамилеси шариаттын мыйзамдарына да шайкеш келет. Акылман элибиз кызга жасаган мамилесин - адамдык ахлактык мамилелерге жуурулткан салтын укумдан-тукумга мурас кылып келет. Кыргыз элинин башка элдерге даңазалап айтаар, мактанаар баалуулугунун бири ушул - кызга урмат менен мамиле жасоо.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎